Буга чейин Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкектеги жолдорду кеңейтүү, оңдоп-түзөөгө байланыштуу 4 миң дарак кыйылышы мүмкүн экенин кабарлаган. Бирок Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" ишканасы буга каршы экенин билдирген.
Бүгүн, 8-февралда "Шаардагы көчөлөрдү оңдоп-түзөө үчүн сөзсүз бак-дарактар кыйылышы керекпи?" деген суроонун алкагында талкуу өтүп жатат.
Ага Бишкек шаардык Капиталдык курулуш башкармалыгы, "Жашылдандыруу" ишканасы, жарандык активисттер жана шаар тургундары катышууда. Маалым болгондой, көптөгөн шаар тургундары шаардагы көчөлөрдү оңдоо үчүн бак-дарактардын кыйылуусуна каршы.
Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков мындай чечимди кабыл алууда шаар тургундарынын пикири маанилүү экенин белгиледи. Мындан улам бул маселени талкууга коюу туура дейт ал.