Бүгүн "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында "Арзан турак жай 2015-2020" программасынын ишке ашырылышы жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маселе каралды.
Анда аталган компаниянын аткарган иши жетишерлик эмес деп табылды. Өкмөткө аталган программаны толук кандуу аткарылышын камсыз кылуу, компаниянын чыгымдарын оптимизациялоо боюнча тапшырма берилди. Ошондой эле ипотекалык насыяны 4-6 пайызга төмөндөтү, баштапкы төлөмдү жеңилдетүү же жоюп салууну карап чыгуу тапшырылды. Аталган иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча "Республика-Ата Журт" фракциясына 11-мартка чейин маалымат берилиши керек деген чечим кабыл алынды.