Капиталдык курулуш башкармалыгы: "Жолдордун эл аралык стандартта болушу маанилүүбү же бак-дарактарды сактап калуубу? Биз да ойлонуп жатабыз"

Бүгүн, 8-февралда Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгында "Жолдорду оңдоо үчүн сөзсүз бак-дарактарды кыюу керекпи?" деген теманын алкагында талкуу жүрүп жатат. Анын жүрүшүндө аталган башкармалыктын жетекчиси Уланбек Азыгалиев сөз сүйлөп жатып, жолдорду эл аралык стандартка ылайыктап оңдоп-түзөө үчүн бак-дарактарды кыюуга туура келип жатканын белгиледи.

Анын айтымында, алдыңкы 2 жыл аралыгында Бишкектеги 60 көчөнү оңдоп-түзөө каралган. Анда жолдордун эни кеңейтилип, жол четтерине ирригациялык системдер орнотулат. Буга байланыштуу 4 миңдей бак-дарак кыйылышы мүмкүн деген божомолдор бар.

"Албетте, биз да бак-дарактын кыйылуусуна ичибиз ачышат. Бирок шаардын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн иш жасалышы керек. Бирок шаар жашоочуларынын пикирин да сөзсүз түрдө эске алабыз", - деди Азыгалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tolkun555
2019-02-08 15:19:17
Менин оюм боюнча кырканга мажбур болгон дакрактарды кырккан туур го.Шаар онугуш керек
+1
Bars88
2019-02-08 18:22:50
Билбейм былтыр биздин жаныбызда бир кочону ондошту.Канча бак даракты кыйышты буткондо мурдагы эле тар кочо болуп калды.Ошончо кырканга жараша кенейтишсе болот да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан