Бүгүн, 9-февралда Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын кезексиз жыйыны өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында федерациянын жаңы президенти шайлады. Бул тууралуу федерациянын маалымат катчысы билдирди.
"Жыйында 2 суроо көтөрүлдү. Анын биринчиси Семетей Султановдун отставкага кетүү чечимин кабыл алуу болсо, экинчиси жаңы президентти шайлоо болду. Биринчи маселе боюнча федерациянын делегаттары Султановдун отставкасын кабыл алышты. Ал эми президенттике талапкер койгондордон жалгыз Канатбек Маматов болуп, ал футбол федерациянын президенти болуп, 4 жылдык мөөнөткө шайланды", - деп билдирет федерация.
Буга чейин 10-январда Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов өз каалоосу менен кызматтан кете турганын жарыялаган. Семетей Султанов Кыргыз Республикасынын футбол федерациясын жетектеп келгенден бери футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 кураманын арасынан 196-орундан (июль, 2012-жыл) 91-орунга чейин (декабрь, 2018-жыл) көтөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 2018-жылдын март айындагы жыйынтыгы менен тарыхый рейтинг жаратып, 40 орунга чейин көтөрүлүп, 75-саптан орун алган.
Кошумчалап кетчү маалымат, Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Динаранын күйөөсү.