Футбол федерациясынын жаңы президенти Канатбек Маматовдун өмүр баяны

9-февралда Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын кезексиз жыйынында федерациянын жаңы президенти шайланды. Президенттик кызматка Семетей Султановдун ордуна Канатбек Маматов турду. Маматов футбол федерациясынын башына 4 жылдык мөөнөткө шайланды.

Канатбек Маматов өз убагында өлкөбүздүн футбол боюнча Жогорку Лигасында "Алай" футболдук клубунда ойноп, чет элдик футболдук клубдарда дагы ойноп келген. Ал Индия чемпиондугунда "HAL Бангалор" жана "ITI Бангалор" клубдарында күч сынашкан. Профессионалдык карьерасын жыйынтыктаган соң ардагерлер арасындагы чемпиондуктарда күч сынашып, "Топ Юнайтед" жана "Абдыш-Ата" командаларында ойногон.

Канатбек Маматовдун өмүр баяны:

1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин табият таануу факультетин аяктаган;

1999-жылы Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия боюнча кафедранын башчысы;

2003-жылы ACDI/VOCA, ЮСАИД уюмдарында коомдоштуктарды мобилизациялоо боюнча адис;

2005-жылы “S2 Research and Engineering” казак-британ компаниясынын директору;

2006-жылы Азия өнүктүрүү банкынын регионалдык координатору;

2007-жылы Евросоюздун Тасис программасынын алкагындагы "Жумуштуулук саясатын иштеп чыгуу" долбоорунун жетекчисинин орун басары;

2007-2009-жылдары Жогорку Кеңеште фракция жетекчисинин жардамчысы;

2009-жылдан азыркы тапка чейин Кыргыз жана Казак мамлекеттеринде чекене соода бизнестин негиздөөчүсү жана башчысы;

2014-жылдан азыркы тапка чейин Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясынын президенти;

2016-жылдан 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасынын футбол федарациясынын вице-президенти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
TalaCSKA
2019-02-10 00:38:35
Аа жакшы адис экен буюрса дагы онугуулор болот деп ойлойм.
+2
rysik79
2019-02-10 00:40:41
Акжолтой президент болсун.
+2
BekAmir
2019-02-10 02:07:01
Азамат футболдун туйшугун тушунгон Адам экен. Ак Жолтой президент болсул
+1
mirbek2211
2019-02-10 09:13:28
Стадион курдургула эми
+2
Bayastankyrgyz
2019-02-10 11:26:22
Буйруса ишине ийгилик... Футболубуз онуксун... Алга акшумкарлар
+2
Flowhive
2019-02-10 13:51:20
Билбедим, бирок коррупция күч алган жерлерде иштеген го
-2
Azatbek.Svoboda.
2019-02-10 22:47:39
Flowhive,Таза адам барбы айтчы сен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан