Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери унаа жолунда атайын кар көчкү түшүрүү иш-аракеттерин жүргүздү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ 9-февралда Ош облусунун айрым аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу ӨКМдин кызматкерлери атайын кар көчкү түшүрүү иш-аракеттерин жүргүзүштү.
"Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунда кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чаралары жүрдү. Аталган тоолуу унаа жолдо ӨКМдин ыкчам тобу жана Башкы штабдын артиллериялык эсеби тарабынан 75 жана 135-чакырымында (Карамык айылы) кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Кар көчкүлөрүн атайлап атып түшүрүү иш-чаралары кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган, иш-чара 10-февраль күнү улантылат", - деп айтылат маалыматта.