Астанада бир үй-бүлөнүн 4 баласы иске ууланып ооруканага жаткырылды

Казакстандын Астана шаарында бир үй-бүлөнүн 4 баласы иске ууланып ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү саат 21:12де куткаруучулардын нөөмөт бөлүмүнө Байкоңур районундагы 2 кабаттуу жатаканада өрт болуп жатканы тууралуу кабар келип түшкөн.

"10 квадрат метр аянттагы эмеректер, үй буюмдары күйгөн. Саат 22:16да өрт өчүрүүчүлөр тарабынан өрт толук өчүрүлгөн. Бул учурда 10 адам эвакуацияланып, 1 бала куткарылган. Өрттөн иске ууланган 2006, 2009, 2012 жана 2013-жылы туулган 4 бала ооруканага жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.

Өрттүн келип чыгуусунун себеби - электр зымдарынын чукул туташуусу экендиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BegimaiBegimai
2019-02-11 11:48:38
иске ууланса эмне кылуу керек ушул жонундо маалымат алып бергилечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан