Депутат 2018-жылы республикалык бюджеттин аткарылбай калышы боюнча маалымат угууну сунуштады

Депутат Акылбек Жапаров 2018-жылы республикалык бюджеттин аткарылбай калышы боюнча маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

"2018-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча, республикалык бюджеттин аткарылбай калганы айтылды. Өкмөт бул тууралуу тактап, ушул аптада маалымат беришин сунуштайм. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөлөк пулдан 1 миллиард 869 миллион сом үнөмдөлгөн. Өкмөттүн жөлөк пул берүү боюнча кээ бир методикалары туура эмес же Жогорку Кеңеш кабыл алып берген мыйзамды так аткарышпай жатат. Кайсы жакка барсак жөлөк пул аз деген сөздөр айтылат", - деди депутат.

Комитеттин төрагасы Эмил Токтошев бюджеттин аткарылбай калышы тууралуу маселе кийинки отурумда каралышы керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан