Парламент комитетинде аудиторлордун бир нече уюмдарда кызмат көрсөтүү практикасын жокко чыгарууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде аудиторлордун бир нече уюмдарда кызмат көрсөтүү практикасын жокко чыгарууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды.

"Аудитордук иш жөнүндө" жана "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам долбоору аудитордук уюмдарга талаптарды күчтөндүрүү, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык аудитордук текшерүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган. Азыркы учурда 112 аудитордук уюмдар жана 33 жеке аудиторлор иштеп жатат. Кыргыз мамлекетинде аудитордун сертификатына ээ болгон 407 аудитор бар, алар жеке аудитор катары да эмгек келишимдеринин негизинде иштеп жатышат. Мыйзам долбоордун демилгечиси - депутат Гүлшат Асылбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан