АКШнын Лос-Анжелес шаарында "Грэмми-2019" музыкалык сыйлыгынын 61-мааракеси орун алып, ага талапкер бир катар белгилүү жылдыздар ар түрдүү номинациядагы сыйлыктарын алышты.
Белгилүү болгондой, "Жылдын ыры", "Жылдын альбому" жана "Жылдын мыкты жаңы аткаруучусу" наамынын жеңүүчүлөрүнүн аттары аталды. "Жылдын альбому" наамын "Golden Hour" аталышындагы альбому менен кантри-ырчы Кейси Масгрейвс, ал эми "Жылдын мыкты жаңы аткаруучусу" наамы Дуа Липага буюрган.
"Жылдын ыры" жана "Мыкты жазылган ыр" наамын америкалык актёр, сценарист, продюсер, режиссёр жана музыкант Дональд Гловер (Childish Gambino) аткарган "This is America" чыгармасы аталып, "Грэмми" сыйлыгын алды. Ырчы өзү сыйлыкты алууга келген жок. Ал эми статуэтка ырдын авторлоруна ыйгарылды.
Леди Гага бул ирет дагы сыйлыксыз кайткан жок. Ал "Joanne" чыгармасы үчүн "Мыкты жеке аткаруу" номинациясын жана "Мыкты дуэт же топко кошулуп поп аткаруу" наамын жеңип алган. Аталган ыр "Жылдыз төрөлдү" аттуу тасманын саундтрэги. Аны Брэдли Купер менен биргеликте аткарган. Брэдли Купер башка BAFTA сыйлыгын алуу үчүн Лондондо болуп, "Грэмми" сыйлыгына келе алган эмес. Леди Гага үчүн бул сыйлык күтүүсүз болгонун анын эмоцияларынан байкоого болот.
"Жылдын ыры" наамына татыган Дональд Гловер (Childish Gambino), This Is America.
Төмөндө ким кайсы номинациялар менен сыйлыктарга ээ болгондугунун тизмесин жарыялайбыз.
"Жылдын ыры" — Дональд Гловер (Childish Gambino), This Is America
"Жылдын альбому" — Кейси Масгрейвс, "Golden Hour"
"Мыкты жазылган ыр" — Childish Gambino, This Is America
"Мыкты жаңы аткаруучу" — Дуа Липа
"Мыкты жеке поп аткаруучу" — Леди Гага, Joanne
"Мыкты дуэт же топко кошулуп поп аткаруу" — Леди Гага жана Брэдли Купер, Shallow
"Мыкты салттуу вокалдык поп-альбом" — Вилли Нельсон, My Way
"Мыкты вокалдык поп-альбом" — Ариана Гранде, Sweetener
"Мыкты бийге ылайык жазылган чыгарма" — Дуа Липа жана Silk City, Electricity
"Мыкты бийге ылайык/электрондук альбом" — Justice, Woman Worldwide
"Мыкты заманбап инструменталдык альбом" — Steve Gadd Band, Steve Gadd Band
"Мыкты рок аткаруучу" — Крис Корнелл, When Bad Goes Good (Крис Корнел 2017-жылы өз өмүрүн кыйган. "Грэмми" сыйлыгы ал өлгөндөн кийин, быйыл ыйгарылды.)
"Мыкты метал-аткаруучу" — High on Fire, Electric Messiah
"Мыкты рок-композиция" — St. Vincent, Masseduction
"Мыкты рок-альбом" — Greta Van Fleet, From the Fires
"Мыкты альтернатив альбом" — Beck, Colors
"Мыкты R&B-композиция" — Ларранс Допсон, Жоэль Жеймс, Элла Май жана Дижон Макфарлейн, Bood's Up
"Мыкты R&B-аткаруу" — H.E.R Ft. Дэниел Сезар, Best Part
"Мыкты салттуу R&B-аткаруу" — Леон Бриджес, Bet Ain't Worth the Hand; PJ Morton Ft. Yebba, How Deep Is Your Love
"Мыкты R&B-альбом" — H.E.R., H.E.R.
"Мыкты урбан-альбом" — The Carters, Everything Is Love
"Мыкты биргелешип рэп-аткаруу" — Кендрик Ламар, Жей Рок, Future жана Жеймс Блейк, King's Dead; Андерсон Пак, Bubblin
"Мыкты рэп-аткаруу" — Childish Gambino, This Is America
"Мыкты рэп-композиция" — Дрейк, God's Plan
"Мыкты рэп-альбом" — Cardi B, Invasion of Privacy
"Мыкты жеке кантри-аткаруу" — Кейси Масгрейвс, Butterflies
"Мыкты кантри-ыр" — Люк Леирд, Кейси Масгрейвс, Шейн Маканалли, Space Cowboy
"Мыкты кантри-альбом" — Кейси Масгрейвс, Golden Hour
"Мыкты латын-америкалык альбом" — Клаудия Брант, Sincera
"Мыкты музыкалык видео" — Childish Gambino, This Is America.