Кадамжай районунун 28 жаштагы тургуну Бишкекте жүргөн жеринен уурулукка шектүү катары кармалганын Баткен облустук милициядан кабарлашты.
Маалым болгондой, аталган райондун Орозбеков айылындагы 44 жаштагы тургуну милицияга арыз жазып, 2018-жылдын ноябрь айынан 2019-жылдын 3-январына чейинки аралыкта белгисиз адамдар үйүндөгү буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Тактап айтканда, үйүндө эч ким жок учурда 2 муздаткыч, бир микротолкундуу меш, бир АEG үлгүсүндөгү меш, 3 килем жана чөп оруучу аппараттары уурдалганын айткан. Натыйжада ал 200 миң сомго зыянга учураган.
Жазган арызы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, РИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери башталган. Анын натыйжасында Бишкек шаарында качып жүргөн жеринен ошол эле айылдын 28 жаштагы А.Т. аттуу тургуну кармалган. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.