7-февралда Ош шаарында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусундагы жыйынга бир топ журналисттер киргизилбей калган.
Коллегиялык жыйында 2018-жылда Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары талкууланган. Ага мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары гана катышканы айтылды.
Дал ушундай көрүнүштөр Бишкекте да болгон. 5-февралда Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин маалымат жыйынында кырктан ашык журналист суроо берүүгө үлгүрбөй калган. Анда суроолор ИИМдин басма сөз кызматы алдын ала даярдаган тизме аркылуу берилип, 2 саатка созулган жыйында болгону 16 журналист суроо берген. Алардын көпчүлүгү өкмөткө караштуу ЖМКлар болгон.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик өзүн сындаган ЖМКларды угуудан качып жатканы туурабы?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
Анын пикиринде, өкмөт башчы көйгөйлөрдү чечүү жолун издесе, ал журналисттер менен ачык-айкын сүйлөшүүгө аракет кылышы керек.
“Менин билишимче, 7-канал Жалал-Абад, Ош облусунда популярдуу жана ишенимдүү канал. Ошондуктан өкмөт башчы катышкан жыйын тууралуу билдирбегени туура эмес деп эсептейм. Алар жыйынга сөзсүз түрдө катышуусу керек. Премьер-министр оппозициялык маалымат каражаттарынан качуу жолу менен көйгөйлөрдөн качып кете албайт. Эгерде өкмөт башчы көйгөйлөрдү чечүү жолун издесе, журналисттер менен ачык-айкын сүйлөшүүгө аракет кылышы шарт. Бул Абылгазиевдин техникалык премьер-министрдин ролун аткарып жатканынын белгиси. Анын саясий амбициясы, тарыхта калайын деген умтулуусу жок, эл менен байланыш түзүүгө аракет жасабагандыгы туура эмес. Абылгазиевдин кемчилиги - бир гана маалымат каражаттары менен баарлашуусу эмес, эң орчундуу көйгөйлөрдү чечүүдөн корккону. Депутаттар өкмөт башчыга сын-пикир айтып кетире албаганы көп ойлорду туудуруп жатат. Парламенттик шайлоо учурунда амбициялуу, саясий салмагы бар адам өкмөт башчылыкка келсе өзүнүн оюнун кылып жибереби деген ойлор менен Абылгазиевди алмаштырганга эч ким барбай жатышы мүмкүн. Менин оюмча, парламентте, башка бийлик бутактарында “чабал болсо дагы биз күткөн кадамдарга барган премьер-министр болуп турсун” деген ой болуп жаткандай”, - дейт Турдукулов.
Коомдук ишмер Абды Сатаров, журналисттер Кайыргүл Урумканова, Эльнура Алканова, Турат Акимов жана Жылдыз Бекбаеванын жообу бул шилтемеде.