Журналист Кайыргүл Урумканова: “Бүт расмий иш-чаралар ачык-айкын өтүшү керек”

7-февралда Ош шаарында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусундагы жыйынга бир топ журналисттер киргизилбей калган.

Коллегиялык жыйында 2018-жылда Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары талкууланган. Ага мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары гана катышканы айтылды.

Дал ушундай көрүнүштөр Бишкекте да болгон. 5-февралда Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин маалымат жыйынында кырктан ашык журналист суроо берүүгө үлгүрбөй калган. Анда суроолор ИИМдин басма сөз кызматы алдын ала даярдаган тизме аркылуу берилип, 2 саатка созулган жыйында болгону 16 журналист суроо берген. Алардын көпчүлүгү өкмөткө караштуу ЖМКлар болгон.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик өзүн сындаган ЖМКларды угуудан качып жатканы туурабы?" деген соболуна журналист Кайыргүл Урумканова жооп берди.

Ал билдиргендей, расмий иш-чара болуп жаткандан кийин журналисттерди бөлбөө шарт.

“7-каналдын журналисттери жыйынга киргизилбей калганын уккан эмесмин. Негизинен бул маалымат чын болсо мындай кадам туура эмес. Журналисттерди расмий иш-чараларга чакырбай коюуга болбойт. Бүт расмий иш-чаралар ачык-айкын өтүшү керек. Журналисттерди бөлбөй, бир калыпта баарлашуу өтүшү зарыл. Анткени коомдогу пикирди жаратууда журналисттер түздөн-түз таасир берет. Коомдогу окуяларды же президенттин иш-чараларын чагылдырууда алардын эмгеги зор. Атамбаев өз убагында өзүнө жакпаган журналисттерди жыйынына киргизчү эмес. Менин оюмча, 7-канал Атамбаевге тийиштүү болгондугуна байланыштуу аларды расмий иш-чарага чакырбай коюшту болушу керек”, - дейт Урумканова.

Жарандык активист Адил Турдукулов, коомдук ишмер Абды Сатаров, журналисттер Эльнура Алканова, Турат Акимов жана Жылдыз Бекбаеванын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан