14-февралда Сочиде Орусия, Түркия жана Ирандын президенттери жолугат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аталган мамлекеттин башчылары Сириядагы абалды талкуулашат.
"Орусиянын президенти Владимир Путин 14-февралда төртүнчү ирет үч тараптуу жыйынга катышат.
Анда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Ирандын президенти Хасан Рухани Сириядагы кырдаалды узак убакытка турукташтыруу чараларын биргеликте карап чыгары айтылууда", - деп жазылат маалыматта.