super.kg logo
  Саясат  

Турсунбек Акун: "Саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов абактан бошотулду"

 
Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бошотулду. Бул тууралуу мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун абактагы саясатчылардын маселеси боюнча өтүп жаткан жыйында билдирди.
"Саясатчылар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов бүгүн абактан бошотулду. Жаңы эле жактоочусу чалып сүйүнчүлөдү. Буюрса, түштөн кийин өздөрү менен жолугушабыз. Көпчүлүк билгендей, алар "бийликти күч колдонуу аркылуу басып алуу жана региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси менен айыпталып жаткан. Мунун баары калп каралоо экендиги айкын болчу. Акыйкаттык бар экен, бүгүн алар абактан бошотулду", - дейт Акун.
Маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы азырынча тастыктай элек.
Буга чейин "Элдик парламенттин" лидерлеринин бири Бекболот Талгарбековдун жаза мөөнөтү кыскартылганы маалымдалган.


 
 Кыстарылган аудио 

Турсунбек Акун: "Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов абактан бошотулду"

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
122423;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: