№92 лицейдин мурдагы директору: "Жетекчилик колумду кайрып бир муштап, мыйзамсыз кызматтан кетирип салды"

Бишкек шаарындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн №92 кесиптик лицейинин абалы учурда кейиштүү. Бул тууралуу аталган лицейдин мурдагы директору Динара Аширова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ал лицейге 2017-жылы директор болуп дайындалган. Ошол жылдардан бери жетекчиликте коррупциялык иштерди байкап келген.

"Биздин лицей 1979-жылы уюшулган. Ошол жылдан бери эч кандай оңдоп-түзөө иштери болгон эмес. Ошондой эле билим берүү агенттигинен эч кандай акча бөлүнгөн да эмес. Учурда лицейде абал мышык ыйлагыдай. Өткөндө өлкө башчы окуу жайларды кыдырып, бирок бизге келген жок. Мындан улам абалыбызды өкмөт билсин деген максатта массалык маалымат каражаттарына кабар берип, абалыбыз тууралуу айтып бергем. Негизи биздин лицейде өнүгүп-өсүү болбой эле, жетекчилик менин гана кызматыма кызыкты да калды. Бизге Залкар Кыдыков аттуу кызматкер жумушка келди. Бирок анын педагог катары билими жок болгондуктан аны жумушка алган жокмун. Кийин ал бизди, лицейди сотко берип жүрдү.

Ошондой күндөрдүн биринде Таалайбек Чолпонкулов Билим берүү министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агентигинин директору чакырып, "менин үстүмдөгү адам ачык эле башка кызматкерди сиздин ордуңузга жиберип жатат, кетпесеңиз болбойт" деди. Мен макул болбой койсом иш бөлмөдөн чыгып баратканда "мага таарынбаңыз" деген. Андан кийин 25-январда ооруп дарыланууга чыктым. Анан эле 31-январда мени өз каалоосу менен жумуштан кетти деп жаңы директор алып келишиптир. Кесиптештерим "ал деген дарыланып жатат, арыз да жазган эмес" деп айтышыптыр. Бирок алар бул сөздөрдү эске алышкан эмес. Эртеси жаңы директор Таалайбек Чолпонкулов алдоо жолу менен аны бул кызматка алып келгенин билип, жумуштан кетип калган экен".

Ашированын айтымында, 31-январда Чолпонкулов аны берене менен жумуштан кетирүү буйругун чыгарган.

"Андан кийин менин орун басарым Алмаз Үкүев мени жумуштан кетирмекчи болуп киши топтоп, мурда жумуштан кеткен Залкар Кыдыковду баш кылып мени кетирүүгө аракет кыла башташты. Бир күнү алар топтолгон кабинетке кире калсам Залкар Кыдыков колумду кайрып көз жагыма бир муштады. Мен эсимди жоготуп, "Тез жардам" кызматы алып кетти. Мына азыр ооруканада жатам. Мен чындыгында Чолпонкуловдун ар кандай акча чогултууларына каршы болгом. Коррупциялык иштердин бардыгын ачык айтып тийиштүү жерлерге кайрылам", - деди Аширова.

SUPER.KG порталы бул окуя боюнча экинчи тараптын пикирин чагылдырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baicho_0707
2019-02-13 00:22:07
Эми аягына чыгыныз!
+1
Snejana
2019-02-13 11:50:00
Коррупциянын баары Лицейлерде. Мен билем. Окуучулар сабакка барышпайт. Бирок ар кимди паспортторун алып, каттап коюп маяна алышат. Текшеруу келгенде, мектептен жогорку класстын окуучуларын сурап кетишет. Стипендияларды болуштуруп алышат. Студенттерге берилген продуктуларды уйлоруно мушоктоп ташыгандарын коргомун. Иштебеген мугалимдер учун, иштеп атат деп жазып коюп маянаны оздору болушуп алышат. Албетте директор менен бухгалтери. Бул чети эле. Корбогонубуз, билбегенибиз канча.
+1
maralum93
2019-02-13 12:56:59
Snejana, аай иий ушундай арам акчаны кантип өздөрү жеп жатат ушундай арамды балдарына кантип ыраа көрүп жедирип жатат эртең ошол балдары кайрымсыз чыгат. Арамдан тыйылгыла айланайындар. Бир кесим нан болсода адал жегиле.
+1
Baktiyar731
2019-02-13 13:26:37
maralum93, менин оюмдагыны жазып коюпсуз, чоң рахмат! Эң туура сөздөр!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан