13-февралга караган түнү Европадагы эң беделдүү мелдеш - Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычы старт алды. Анда "Рома" - "Порту" менен "Манчестер Юнайтед" - ПСЖ беттештери орун алды.
"Манчестер Юнайтед" - ПСЖ
Англиянын Манчестер шаарындагы "Олд Траффорд" стадионунда жергиликтүү клуб "Манчестер Юнайтед" франциялык ПСЖны кабыл алды. Беттеш 0:2 эсебинде ПСЖнын жеңиши менен аяктады. Эсеп саны 53-мүнөттө ачылды. Анда ПСЖ бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүн алып, Ди Мариянын чыгарып берүүсүнөн кийин Преснель Кимпембе эсепти 0:1 кылды. 60-мүнөттө ПСЖ контр-чабуулга чыгып, Ди Мария топту айып аянтчага көтөрүп, аны Килиан Мбаппе дарбазага киргизди. Муну менен ПСЖ командасы 0:2 эсеби менен жеңишке жетип, жооптук беттеште артыкчылыкка ээ болду. Командалардын жооптук беттеши 7-мартка караган түнү Францияда орун алат. Анда "Манчестер Юнайтед" клубунун жарым коргоочусу Поль Погба бул беттеште кызыл кагаз менен белгиленген үчүн ойнобойт.
"Рома" - "Порту"
Италиянын Рим шаарындагы "Олимпико" стадионунда "Рома" менен "Порту" футболдук клубдарынын беттеши орун алды. Оюн 2:1 эсебинде "Романын" жеңиши менен аяктады. 70-мүнөттө италиялык клубдун оюнчусу Николо Дзаньоло эсеп санын ачса, 76-мүнөттө Дзаньоло кайрадан айырмаланып, эсепти 2:0гө айлантты. Буга "Порту" 79-мүнөттө Адриан Лопестин голу менен берип, эсепти 2:1ге айлантышты.
Беттеш 2:1 эсеби менен аяктап, кийинки беттешти командалар 7-мартка караган түнү Порту шаарындагы "Драгау" стадионунда өткөрүшөт.