"Аладдиндин" жаңы трейлерине "жаккан жок" белгиси көп басылууда

"Аладдин" мультфильминин негизинде тартылган тасманын жаңы трейлери чыгып, ага интернет колдонуучулары "жаккан жок" ("дизлайк") белгисин көп басууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, 10-февралда "Дисней" кинокомпаниясы "Аладдин" мультфильминин негизинде тартылган тасманын жаңы трейлерин жарыялаган. Трейлер 3 күн ичинде акыркы саатка караганда 6 миллион 600 миңден ашуун ирет көрүлүп, ага "жакты" белгиси 54 миң, ал эми "жаккан жок" белгиси 87 миң ирет басылган. Тасманын жаңы трейлеринин бул көрсөткүчү фильмге кеткен каражатты актабайт дегендер да бар. Айрымдар тасманын авторлору графиканын үстүнөн жакшы иштешкен эмес деп да сындап жатышат.

"Аладдин" тасмасынын бет ачары ушул жылдын 23-майына белгиленип, кинотеатрларда коюла баштайт. Башкы ролдордо Жинндин образын актёр Уилл Смит жаратса, Аладдиндин ролу Мен Массудга, Жасминдин ролу Наоми Скоттко буюрган. Аталган тасманын алгачкы тизер ремейки социалдык тармактарда октябрда эле пайда болгон. Бирок тартуучу топ аягына чейин 50 жаштагы актёр Уилл Смиттин Жинндин образында кандай көрүнөрүн жашырып келген. Ошентсе да декабрда "Entertainment Weekly" журналынын башкы бетине көрүүчүлөр көптөн күткөн Жинндин образындагы Уилл Смит чыккан.

"Алладин" мультфильминин негизинде тартылган тасманын жаңы трейлери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lukman-Hakim
2019-02-13 16:53:52
Абудан башкасы бир дагы окшобоптур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан