Бишкек шаарындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн №92 кесиптик лицейиндеги кейиштүү абал жана мыйзамсыз иштер болуп жатканын лицейдин мурдагы директору билдирген. Негизинен лицейде мыйзамсыз иштер болгонбу жана эмне себептен директор Динара Аширова жумуштан кеткен деген суроолор менен Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкуловго байланыштык.
Анын айтымында, директордун үстүнөн студенттер жана кызматкерлер арыз менен кайрылган.
"Динара Ашированын айткан билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Себеби кызматкерди, анын ичинен жетекчини кызматтан алуу үчүн жүйөлүү негиз керек. Директор Аширова Эмгек кодексинин негизинде жумуштан кетти.
Акыркы бир жыл ичинде агенттиктин буйругу менен 1 жолу эскертүү жана 3 жолу сөгүш берилген. Буга чейин бизге лицейдин студенттери доо арыз менен кайрылган. Алардын айтымында, жатакана үчүн 2 миң сомдон жана башка иштер үчүн дагы акча чогултулган. Чындыгында жатакана лицейде окуган студенттер үчүн акысыз берилиши керек.
Мындан тышкары окуу жайдын кызматкерлери да кайрылган. Алар кадр саясатында маселелер жаралып, тажрыйбалуу мугалимдер иштен кетип, өзүнүн тааныш, туугандары жумушка алынып жатканын айтышкан. Бул билдирүүлөр үчүн агенттик атайын комиссия жиберип, кемчиликтерди аныктаган", - деди ал.
Ошондой эле Чолпонкулов мындан 2-3 жума мурун 1-курстун студенттери келип, тажрыйбалуу мугалим жумуштан кетип жатканын, ага директор тарабынан басым болгонун айтышканын белгиледи.
"31-январда Аширова жумушта эле болду. Мен аны чакыртып, лицейде көптөгөн кемчиликтер бар экенин, өз каалоосу менен жумуштан кетүүсүн айттым. Ал мен ойлонуп көрөйүн деп чыгып кетти, бирок макул болгон жок. Ага карабай буйрук чыгарып, жумуштан кетирдим".
Чолпонкуловдун айтымында, үстүбүздөгү окуу жылына кызматкерлердин акысы, коммуналдык кызматтар үчүн 7 миллион 150 миң сом бөлүнгөн. Ал эми оңдоп-түзөө жана окуу куралдар үчүн 400 миң сом бөлүнүп, бирок окуу жайда туруктуулук сакталбагандыктан ал акча азырынча иштетиле элек.
"Мага жеткен маалыматтар боюнча, директорго эч ким кол көтөргөн эмес. Ал эми ооруканага колу сынып барганын териштирсек өзү жыгылып кетип колун сындырып алганын дарыгерлер тастыктап беришти", - деди агенттиктин директору.
Динара Аширова кол көтөрдү деген Залкар Кыдыковго байланышканыбызда ал окуяны мындайча түшүндүрдү.
"Мен Динара Ашированын чакыруусу менен 2018-жылдын февраль айында баргам. Бирок алгач жумушка иштөөгө макул болгон эмесмин. Кийин анын суранычы менен иштеп көрүүгө макул болдум. Тактап айтканда, директордун орун басары болуп 2 жума иштедим. Андан кийин эле директор эмгек китепчемди карматып, айлыгымды бербей, жумуштан кетүүмдү айтты. Себебин айткан жок.
Мен иштеген аз убакыт аралыгында лицейде жасалып жаткан мыйзамсыз иштер ачыктала баштаганы үчүн кетиргени белгилүү болду. Бул кырдаал үчүн өзүм дагы принципке туруп, адегенде эле бекер жатаканага акча алып жаткан ишти ачыктадым. Анткени студенттерден 2 миң, тиешеси жок жарандардан 6 жарым миң сомдон алып жатаканага жашатып жатканы бул мыйзамсыз иштердин башталышы эле", - дейт Кыдыков.
Ал директорду сотко бергенин кошумчалады. Бирок райондук сотто жеңилип калып, шаардык сотко арызданган. Ал эми шаардык сот бул ишти 18-февралда карайт.
"Мен жумуштан кеткенден кийин кабинетимдеги калган буюмдарымды алып кетүүгө Аширова уруксат бербей жатты. Мындан улам ушул жылдын февраль айында окуу жайга башка директор келди дегенинен барсам Аширова өзү бар экен. Ошондо мени эмнеге бул жакка келдиң деп чапкылап, бизди орун басар арачалап калды. Мен эшикке чыгып кетсем колун өзү ургулап мени чапты кылып күнөөлөп койду", - деди Кыдыков.
Ошондой эле ал директордун билими жок дегени туура эместигин айтып, ушул жаатта эки дипломдун ээси экенин белгиледи.
Учурда лицейде директордун милдетин аткарып жаткан Алмаз Үкүев бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин, башка комментарий бере албастыгын билдирди.