14-февралга караган түнү Европадагы эң беделдүү мелдеш - Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычы старт алды. Анда "Аякс" - "Реал Мадрид" менен, "Тоттенхэм" - "Боруссия Дортмунд" беттештери орун алды.
"Аякс" - "Реал Мадрид"
Голландиянын "Амстердам Арена" стадионунда жергиликтүү "Аякс" испаниялык "Реал Мадридди" кабыл алды. Беттеш 1:2 эсебинде "Реалдын" жеңиши менен аяктады. Оюндун 37-мүнөтүндө "Аякстын" оюнчусу Николас Тальяфико гол киргизген. Бирок калыс VAR системи менен колдонуп, бул голду жокко чыгарды. VAR'дан калыс эреже бузууну көрүп калган. Гол эсепке алынбай беттеш уланды.
60-мүнөттө испаниялык клубдун оюнчулары эсеп санын ачышты. Анда Винисиус Жуниор атаандашынын коргоочуларын алдап өтүп, Бенземага топту өткөрүп берген. Бензема дарбазачы менен бетме-бет кез келип, таамай соккусу менен эсепти 0:1 кылган.
Буга "Аякс" 75-мүнөттө жооп кайтарды. Нерестин чыгарып берүүсүнөн кийин Хаким Зиеш сокку узатып Тибо Куртуанын тосуп алуусуна мүмкүнчүлүк калтырган жок. Эсеп 1:1. Марко Асенсио Васкестин чыгарып берүүсүнөн кийин таамай болуп эсепти 1:2 кылды. Муну менен "Реал Мадрид" 1:2 эсеби менен жеңишке жетип, жооптук беттеште артыкчылыкка ээ болду.
"Тоттенхэм" - "Боруссия Дортмунд"
Англиянын Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда "Тоттенхэм" футболдук клубу германиялык "Боруссия Дортмунд" клубун кабыл алган. Анда англиялык команда атаандашын 3:0 эсебинде жеңип алды. Бул беттеште Сон Хын Мин 47-мүнөттө эсеп санын ачса, 83-мүнөттө Ян Вертонген эсепти 2:0гө айлантып, 86-мүнөттө Льоренте эсепти 3:0 кылып кетти.
Командалардын жооптук беттештери 6-мартка караган түнү орун алат.