Бул күнү төрөлгөндөр ачык, шайыр, бир орунда тура албаган шок адамдар болушат. "Күлсөң ыйлаганча күл, ырдасаң зал жаңырта ырда" деген ураан ушул адамдарга тиешелүү. Табышмактуу, укмуштуу окуяларга абдан кызыгышат. Өздөрүн жеңил-желпи алып жүрүшкөнү менен, ичинде терең ойлонгон катуу адам жашайт. Балдарга, үй жаныбарларына абдан жакын. Алар менен жашоо кызык экенин жакшы билишет.
Жумуш, үй-бүлө, балдар үчүн жанын берүүгө даяр. Жумушка келгенде өтө аракетчил, маселе жаралса бат чечим чыгарышат. Жеңилүүнү жактырышпайт. Эгерде алардын ою айланасындагыларга кызыксыз, пайдасыз болсо өзүн таштап коюшат.
Сүйүү жаатында өзүнө түгөй табуу кыйынга турат. Өзгөрүп турган маанайын, фантазиясын түшүнгөн түгөй тапса бактылуу жашап кетишет.