Орусиянын кээ бир аймактарына кара түстөгү кар жаады

Орусиянын кээ бир аймактарына кара түстөгү кар жаады. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай өзгөчө түстөгү кар Кемерово облусунун бир нече аймактарында жааган. Буга облустагы көмүр иштетүүчү ишканалар себеп болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Анткени бир нече күн мурда ири өлчөмдөгү көмүр калдыктары төгүлгөн.

Кемеровонун губернаторунун орун басары маалымат жыйынында кара түстөгү кардын жаашына байланыштуу жергиликтүү прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүп баштаганын белгилеп, бирок мындай аба ырайына бир гана көмүр ишканалары себеп болбошу мүмкүн экенин билдирген.

"Тилекке каршы, акыркы учурларда облустагы экология бузулуп кетти. Мунун жыйынтыгын өзүбүз көрүп турабыз. Бирок бир гана көмүр иштетүүчү ишканаларды күнөөлөгөн туура эмес. Транспорт каражаттары, көмүр менен жылытылган жеке ишканалар да абанын булганышына себеп болушу толук ыктымал", - деп билдирген губернатордун орун басары.

Орусиянын кээ бир аймактарына кара түстөгү кар жаады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
CEO1
2019-02-15 18:09:23
Мына сага... Биз адамзат ач коз болуп оз жашообузду озубуз уулап жатабыз...
+10
raykray
2019-02-16 00:56:19
Кудай сактасын(
0
datkayimjan
2019-02-16 10:58:37
Демек,кар жааганга чейин ошол кир абадан адамдар дем алып журушкон да. Кар жаап аба тазаланып калыптыр дагы жакшы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан