"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында шаар ичине коюлган камералар 7 эреже бузууну каттайт. Эреже бузуунун тизмесинин арасында 6-пункт жол эрежелерине каршы пикирди жаратат. Андагы эрежеге ылайык, белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымга жеткирбей айдаса айдоочу айыпка тартылбайт. Бул жерде адамдардын, алардын ичинде жаш балдардын өмүрүнө коркунуч келет деген маселе жаралат. Анткени ылдамдыгы саатына 40 чакырым деп белгиленген жерлерде саатына 60 чакырымга чейин айдап, жазага тартылбастан жүрө берүүгө болот.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул боюнча: "Жол кыймылынын эрежелери менен административдик эрежелер кодексинин ортосунда карама-каршы келген жагдайлар жаралса, негизи административдик кодекс жол кыймылынын эрежелерине караганда жогору турат", - деп жооп берген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Мектеп жана бала бакчалардын жанында ылдамдыкты чектөө саатына 40 чакырым болгонуна карабай саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдаса, жаңы кодекске ылайык, ага чара көрүлбөйт экен. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жооп берди.
Ал мындай эреже бузууга каршы экенин айтты.
“Мындай эреже бузуу болбойт. Өз пикиримди жазуу түрүндө дагы Ички иштер министрлигине жаздым. Биринчиден, саатына 40 чакырым ылдамдык деген эреже сакталышы керек. Муну өзгөртүп, жол эрежесин бузуунун кереги жок. Бул ылдамдыктан ашпоо зарыл. Бирок ушунчалык эле керек болуп жатса, түнкү саат 8ден баштап, эртең мененкиге чейинки эреже катары саатына 60 чакырым ылдамдыкта айдаса болот деп кошуп коюшсун. Анткени түнкүсүн мектеп, бала бакчалар иштебейт. Ошондуктан толугу менен жаңы кодекске каршымын”, - деди Маматалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Мирлан Бакиров, Айнуру Алтыбаева, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуров, Кыргыз өлкөсүндөгү айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары, Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакуновдун айткан пикирлерин бул шилтемеден окуңуз.