"Биз силер мененбиз!" АКШ Украинаны колдоду

АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен Украинанын президенти Пётр Порошенко Мюнхен конференциясында жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Пенс Порошенкого АКШ Украинаны дайыма колдоого аларын билдирди.

"АКШ дайыма Украинаны колдоого алып, экономикалык жактан дагы жардам берет. Биз силер мененбиз! Мен ишенем баары жакшы болот. Мындан ары дагы Европанын коопсуздугун бекемдөөгө жолдорду табабыз", - деди Пенс.

Мюнхен жыйынында Украинанын лидери Германиянын канцлери Ангел Меркель менен да жолуккан.

13-февралда Бириккен улуттар уюмунун орусиялык туруктуу өкүлү Василий Небензя Орусияга каршы геосаясий оюнда Украинаны батыш өлкөлөрү колдонорун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
daniyar93
2019-02-18 03:50:27
Колдосо колдогон чыгар не болуптур Ошону Ушул жака жазыш шартпы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан