Бөйрөктөгү жана курсактагы майдан арылуу үчүн диетологдор азыктардын топтомун жарыялады

Диетологдор курсактагы ашыкча майлардан арылууга жардам бере турган азыктардын тизмесин чыгарышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазат.

Белгилүү бир органдарды басып калган майлар адамдын ден соолугу үчүн абдан коркунучтуу. Адамдын өмүрү үчүн маанилүү бөйрөк жана жүрөктү май басуу ден соолук тууралуу ойлонууга түртөт. BMC Medicine журналына жарыяланган илимий изилдөөгө таянсак, бул көйгөй менен күрөшүүгө көп өлчөмдөгү белок жардам берет.

Изилдөөчүлөр белок организмдеги зат алмашууну гана жөнгө салбастан, туура эмес тамактануудан баш тартууга да жардам берет. Ашыкча майдан арылууга жардам бере турган азыктардын сап башында тооктун жумурткасы, тооктун эти, балык (тунец), кызыл чечевица, бадам жана буурчактын түрлөрү кирген.

Бул тизмедеги азыктар менен тамактануудан тез жана жакшы жыйынтык болушу үчүн семирип кетүү коркунучу жаралган адам таттуудан баш тартып, суюктукту көп ичүүсү керек.

"Курсактагы майдан арылууну каалагандар дароо эле спорт залдарга барып денени кара күчкө сала башташат. Мындайда адамдын башка жерлери биринчи арыктап кетип, бөйрөк жана курсактагы майлар эң акыркылардан болуп жоголот. Ошол себептен ичтеги майлардан арылуу үчүн жөө басуу жана сууда сүзүү пайдалуу", - дешет диетологдор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nargiza1987k
2019-02-18 18:35:11
Рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан