Быйыл дыйкандар чечевица, гречка, соя сыяктуу дан азыктарын айдаса пайда ала турганын бүгүн, 18-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинде айыл чарба министри Нурбек Мурашев билдирди.
"Азыркы учурда өлкөнүн айрым аймактарында жазгы талаа жумуштары башталып калды. Өлкөнүн дыйкандары үчүн быйыл чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо пайдалуураак болот. Дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсүп жатканы байкалууда. Бул нерсеге байланыштуу быйыл пахта айдоо аянты 2 миң 200 гектарга көбөйтүлдү. Тамекинин аянтын да миӊ гектарга көбөйтүү пландалууда. Ал эми картошканын аянтын 3 миң 200 гектарга азайтуу пландалды, себеби өткөн 2018-жылы Казакстан менен Орусияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан баасы төмөндөп кеткен", - деди Мурашев.
Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасында 2019-жылдын жазгы талаа жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маалыматы угулууда.