Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жаңы көп функционалдуу футбол стадионун куруу үчүн инвесторлорду издейт. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы кабарлайт.
"Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын аймагында ФИФАнын эрежелерине туура келген жаңы футбол стадионун куруу үчүн инвесторлорду чакырат. Бул долбоордун ишке ашыруусу өлкөбүздөгү футболдун өнүгүүсүнө түрткү болот.
Жаңы стадионду курууга кызыккан инвесторлордун табыштамасы 25-февралга чейин кабыл алынат", - деп жазылат маалыматта.