Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өттү. Аталган жыйында Германия Кыргыз мамлекетине 5 миллион евро грант каражат бөлүп жатканы тууралуу маселе каралды.
Анда депутат Тариел Жоробеков Кыргыз өлкөсүнө келген гранттар туура эмес тармактарга колдонулуп жатканын айтты.
"Грант катары Германиядан каражат бөлүп жатканы жакшы иш. Бирок ошол каражатка малды кантип жаюу керек, тоютту кантип даярдоо керек деген семинар, тренингдерди өткөрөт экенсиңер. Бул болбогон нерсе. Келген акчаны орундуу пайдалансаңар, жөнү жок чачпай. Өкмөт мүчөлөрү, депутаттар тарабынан берилген бир дагы суроого жооп бере албай тилиңерди тиштеп отурасыңар", - деди эл өкүлү.
Мындан тышкары Жоробеков грант катары бөлүнгөн каражатты 2 же 3 тармакты аныктап, ошол багыттагы иштерге толук жумшоо керектигин сунуштады.