2018-жылы 543 миллион долларга жакын акча өлкөдөн чыгарылып кеткен

2018-жылы 542 миллион 290 миң доллар акча которуулар системи аркылуу өлкөдөн чыгарылып кеткен. Бул тууралуу Улуттук банктын отчётунда айтылат.

Маалыматка ылайык, жогоруда айтылган сумманын басымдуу бөлүгү Орусияга которулган.

2018-жылы акча которуулар системи аркылуу жеке жактар тарабынан КМШ өлкөлөрүнө которулган акчалардын жалпы суммасы 539 миллион 470 миң долларды түзөт. Анын 538 миллион 80 миң доллары Орусияга которулса, 1 миллион 390 миң доллары Казакстанга которулган.

Алыскы өлкөлөргө которулган 2 миллион 820 миң доллардын 780 миң доллары Германияга, 280 миңи АКШга которулган болсо, калган 1 миллион 760 доллар башка өлкөлөргө которулган.

Буга чейин 2018-жылы мигранттар тарабынан өлкөбүзгө 3 миллиардга жакын акча которулганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyz_bloger
2019-02-18 15:11:05
Мигранттар олкого акча киргизсе,корруппционерлер акчаны олкодон чыгарып кетуу менен убара го дейм
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан