Социалдык тармактарга "Ошто жасалма жумурткалар сатылып жатат" деген видео тарады. Анда керектөөчү тамактанар алдында атайын сууга бышырылган жумурткалар деп аны аарчып, ичи чыныгы жумуртка эмес экенин айткан.
"Мунун сырты кадимки эле жумурткадай, бирок ичин ачканда сарысы - резина", - деп керектөөчү көрсөтүп берген. Айтымында, ал жумуртканы Ош шаарынан сатып алган.
Аталган видео боюнча комментарий алуу үчүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Манас Майкановго байланышканыбызда, ал SUPER.KG порталына иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
"Интернетте тараган видео боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Инспекциянын кызматкерлери Оштогу бардык жумуртка сатылган жерлерден үлгүлөрдү алып, экспертизага жиберип жатышат. Мындан сырткары керектөөчүлөрдөн да көрсөтмөлөр алынды. Аталган жумурткалар кандай шартта, кайдан кирип калгандыгы аныкталып, тиешелүү чаралар колдонулат", - деди Майканов.