КТРКнын башкы директор кызматына 19 талапкер ат салышууда. 3 талапкердин арызы өтпөй калды

Бүгүн, 18-февралда КТРКнын Байкоочу кеңеши коомдук каналга башкы директор кызматына талапкерлердин документтерин карады.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү талапкерлердин документтерин текшерип, талапка ылайык берилгендигин карап жатышат. Документтери толук эмес талапкерлер сынактан четтетилери айтылды.

Кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев буга чейин бүгүн, саат 17:00дө талапкерлердин арыз берүүсү токтотула турганын айткан. Жалпы 22 талапкерден арыз түшкөнү маалым болду.

КТРКга директор болууга талапкерлигин койгондордун арасында Дүйшөк Мамбетөмүров, Адил Турдукулов, Жылдыз Муслимова, Каарманбек Кулуев, Мирлан Самыйкожо, Ибраим Нуракун уулу, Элдар Аттокуров, Болот Бакетаев, Мирбек Мурзабеков, Болотбек Тиллебаев, Малика Курманова, Бөлөкбай Шеримбеков, Галина Байтерекова, Куттумидин Базаркулов, Адил Токторов, Сюита Соурбаева, Сураган Досумбаев, Ишен Айтмамбетов, Абдухалил Акматов, Замирбек Казакпай уулу, Эркинай Эшанкулова, Жайнак Усен уулу, Илим Карыпбеков бар.

10 талапкердин документтеринде саясий партияларда жана диний уюмдарда мүчө эместиги тууралуу өзү жазган кепилдик каты жок болгону талаш жаратты. Байкоочу Кеңештин айрым мүчөлөрү кепилдик каттын расмий күчү жок экендигин айтып, документтерди сынакка катыштыруу туура деген пикирин айтышты.

Жыйынтыгында 3 талапкердин арызы өтпөй калды. Жылдыз Муслимова, Элдар Аттокуров жана Бөлөкбай Шеримбековдун документтери толук болбой калганы үчүн жарыштан четтеп калышты.

19 талапкердин арызы кийинки турда каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Adil88
2019-02-18 21:19:08
Карыпбеков уялсан деле болмок радиодон карганып жатпадын беле
+4
maks94.kb
2019-02-18 21:19:55
Карыпьеков созунон кайтканго олуп кетейин экинчи болбоймун деп маек Берген эле
+4
Dembele84
2019-02-18 21:30:37
Карыпбеков эркек болсон кетип кал арызынды алып,эркек бир суйлойт !
+5
Azatbek.Svoboda.
2019-02-19 01:44:46
Карыпбеков кайра эле калат!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан