Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган стилист Асел Мамбеткалиеванын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун "Тез жардам" бөлүмүнүн башчысы Талантбек Сарымсаков билдиришти.
"Бейтап 17-февраль күнү эртең менен ооруканага түшкөндөн бери жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат, эсине келе элек. Башынан оор жаракат алган, ички органдары да катуу жабыркап, аларга доо кеткен. Ал "Тез жардам" аркылуу ооруканага алып келингенде ички органдарына кан куюлуп кеткени белгилүү болду. Абалы оор болгондуктан операция жасала элек, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деди ал.
Буга чейин стилист айымдын кесиптеши анын жаны кылдын учунда турганын жазып, "Аселдин 3 баласы бар. Ага оор операция жасала турганына байланыштуу жардамга муктаж болууда", - деп социалдык тармактын колдонуучуларына кайрылган.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн банктык эсеп: KICB 1280 1660 4062 2048
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Жол кырсыгы 17-февраль күнү болжол менен саат 8:00 чамасында Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жол боюндагы мамыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу көз жумуп, жүргүнчү айым оор абалда №4 шаардык ооруканага жеткирилген.