Актриса жана модель Айкөл Аликжанова быйыл ажылыкка бара тургандардын кийимин тигет

2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб ажылыкка бара турган адамдардын кийимин тигүүчү тараптар ортосунда сынак өткөрүп, жеңүүчүсүн аныктады. Муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сынакка жалпы 13 адам катышкан.

Маалым болгондой, сынакта кийимдин тигилишине коюлган баага, кездеменин курамы менен сапаттуулугуна, жасалгасына, түсүнө, коопсуздук белгилерине жана ыңгайлуулугуна басым жасалды.

Сынактын жыйынтыгында Айкөл Аликжанованын кийимдери татыктуу деп табылды. Сынактан уткан тарап эми 2019-жылдагы ажылык сапарга баруучулардын баарына кийим тигип бермекчи.

Сауд Арабиясы Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылдагы ажылык сапар үчүн 5485 квота берген. Аларды Сауд Арабиянын "Флайнас" авиакомпаниясы ташыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
momun74
2019-02-18 22:37:23
Чынында Айколдуку татыктуу экен азамат
+2
Benazir08
2019-02-19 05:46:06
Мынча соонун. Ушул кыз такыр жаккан эмес башында. Кудай баарыбызга ушундай ынсапты берсин молодец бактылуу болсун
0
Snikers18
2019-02-19 13:42:29
Тендерге катышып, жеңүүчү болгонго анда?
0
Snikers18
2019-02-19 13:52:22
Салык кызматы, 5485 квота Кыргызстанга берилген болсо, анда : НДС 12%, 10% налог на прибыль ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан