Сыйкырдуу дүйнөгө жетелеген костюмдар, бири-биринен өтүп жасалгаланган кайыктар... Бүтпөс майрамга айланган карнавал дем алыш күндөрү Венецияда старт алды. Жыл сайын миңдеген туристтердин катышуусунда өтүп келген карнавалдын ачылышына быйыл 130 кайык катышты.
Майрамдык салтанат учурунда шаар чоң театралдык сахнага айланды. Көрүүчүлөр көпүрө, пирс, дарыянын жээктеринде туруп укмуштуу саамалыкка күбө болушту. Быйыл катышуучулардын арасында мультфильмдердеги ханбийке, баатыр каармандардын маскасын кийгендер көп болгон. Бул жылы карнавалдын темасы кыялкечтер жана саякатчыларга арналган.
Венеция карнавалы XI кылымдан бери өткөрүлүп келет. Өзгөчө майрам адатта 2 жумага созулат. Быйыл карнавал 5-мартка чейин өтөт.