Бишкекте Лексус менен мамыны сүзүп каза болгон кишинин аты-жөнү белгилүү болду. Маркум менен ИИМдин ортосунда чыр болгонбу?

Бишкекте Лексус менен мамыны сүзүп каза болгон киши Арсланбек Тойдиев аттуу жаран экени айтылды.

Жол кырсыгы боюнча Бишкек шаардык милициянын тергөө бөлүмү иликтеп жатат. Мекеменин басма сөз кызматы каза болгон адам Тойдиев экенин төгүнгө чыгарып же ырастай элек.

2018-жылдын январь айында интернетке чет өлкөдөн унаа ташып келип иштеген Арсланбек Тойдиевдин атынан делген кат жарыяланган.

Ал катта Тойдиев кокустуктан же болбосо кыйноого кабылып каза болсо, күнөөлүүлөрдү ИИМдин жетекчилигинен издөө керектигин белгилеген. Ошол эле убакта Орусиядан уурдалган 45тен ашык унаанын Кыргыз мамлекетинен табылышына "министрдин орун басары Данияр Абдыкаровдун жана анын кол алдындагылардын катыштыгы бар" деген маалыматы жарыяланган. ИИМдин басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев бүгүн, 18-февралда Арсланбек Тойдиевдин атынан жарыяланган каттардын ээси ким экени аныктала электигин айтты.

17-февраль күнү эртең мененки саат 8де Бишкектеги Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде Лексус унаасы жол боюндагы мамыны сүзүп, айдоочусу кырсык болгон жерде каза болуп калган. Ал эми жанында бараткан стилист Асел Мамбеткалиева кырсыктан жаракат алып ооруканада жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
madina.87
2019-02-19 01:41:23
Ошондо стилист аялы бекен?Жаман иш болуптур,бейишин берсин Аллахым
0
Shekeev969798
2019-02-19 02:47:46
Жаткан жери жайлуу болсун
Камера койсо эле Кырсык азаят дегендер кана? биринчи жолдорду ондоп алыш керек эле кырсыктын баары жолдуг айынан болуп жатат, мисалы мен ямадан качып айдайм, башкаларда качып айдайт мына ушундан кырсык болуп атат Кудай сакта
0
Snikers18
2019-02-19 10:01:06
Shekeev969798, бул кырсык жолдун айынан эмес, ылдамдыкты сактабаган айдоочунун айынан болуп жатбайбы. Ушуга окшогон акчага көпкөн ХХХ айдоочулардын айынан бей күнөө жүргүнчүлөр азап тартып жатышат. Шаар ичинде ылдамдык 40-50км/сааттан ашбашы керек. Жаман иш болду. Сурактарын жеңилинен берсин Кудай.
+3
Muratmipa
2019-02-19 12:53:32
Shekeev969798,биринчиден амера эмес и жолда эмес адамдар пейилибизди ондош керек жолдо жургондо сый урмат деген болуг керек
+2
tram-lam
2019-02-19 17:53:43
Ошондо "кокустуктан же болбосо кыйноого кабылып каза болсом" дегенине караганда атайын сузгонбу столбаны? ИИМдин жетекчилигинин кысымына кабылганда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан