Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча долбоор каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жасайт. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде 4 маселе каралат. "Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланат.