Бишкек шаарындагы 5-кичи райондо бак-дарактар кыйылып жатат. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына Светлана Антропова жазып чыкты.
"5-кичи райондо бак-дарактарды кыйып жатышат. "Бишкек жашыл чарба" ишканасы буга макулдук берген эмес. Капиталдык курулуш башкармалыгы муну билбейт", - деп жазган Антропова.
Бул боюнча Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетовага байланышканыбызда, ал учурда тактоо иштери жүрүп жатканын кабарлады.