"Маданият тармагына жылына 2 миллиард сом сарпталат. Министрликтин өкүлдөрү эки жакка чыккандан өзгөрүү болуп жатабы?" деди депутат

"Айрым жаштар эртең менен кетип, кечке чейин иштеп жеке жашоосун ойлогонго убактысы жок, ал эми айрым жетекчилер түшкө чейин иштеп коюп отурат", - деп Жогорку Кеңештин комитет жыйынында вице-премьер министр Кубатбек Боронов депутаттын сынына жооп берип жатып билдирди.

"Азыр эл 380 миң чиновник бар экен деп ойлоп калат. Ал тизмеде сиз айткандай президенттен тарта айдоочу, күзөтчүгө чейин бар. Терең анализ жок, аны моюнума алам. Айрым мамлекеттик кызматтардын аксап жатканы бар. Бирок биз реформа десек эле кыскартууга баруу керек деген ой пайда болууда.

Айрым жаштарыбыз эртең менен саат 9дан кечки 6га чейин тытынып иштеп, жеке жашоосун ойлогонго убактысы жок. Ал эми айрымдар сиз айткандай түшкө чейин иштеп коюп отурат. Орусия менен салыштырганымдын себеби кичинекей мамлекет болгонубуз менен, бизге да баары бир мамлекеттик кызматтарды аткара турган адамдар керек", - деди Боронов.

Буга депутат Алтынбек Сулайманов: “1 миллион адам сыртка кеткенин эмнеге эч ким айтпай жатат? Жылыш кылбасак болбойт. Учурда ар бир тармак штаттын санын көбөйтүп, бюджеттен көбүрөөк акча бөлдүрүүнү көздөйт. Бюджетти сарамжалдуу колдонуу керек, калганынын баарын жоюу керек. Мисалы, бүгүнкү күндө маданият үйүнө бирөө-жарым киреби? Маданият тармагына бюджеттен канча акча бөлүнөт?

Бул суроого Маданият министрлигинин өкүлү жооп бере алган жок. Ал “менде так маалымат жок экен” деди.

Буга комитеттин төрагасы Канат Керезбеков “уят” деди.

Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов 2 миллиардга жакын акча бөлүнгөнүн билдирди.

“Мына канча акча бөлүнүп жатканын өздөрү билишпейт. Маданият министрлигин жоюш керек дегенден алысмын, бирок ага 2 миллиард сом каражат сарпталып жатат. Маданият министрлигинин өкүлдөрү эки жакка чыккандан өзгөрүү болуп жатабы?" - деп кошумчалады Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kurmanbek_81
2019-02-19 13:42:10
Туура маселе коюп жатат депутат. Ак үйдөн, Жогорку Кеңештен баштап үлгү болуп өздөрү жок дегенде 30% кыскартуу жасашса жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан