Эл өкүлү: "Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн экономикалык максатта колдонбоо керек"

Бүгүн, 19-февралда Кыргыз Республикасынын Суу кодекси боюнча депутаттар жана эксперттердин катышуусунда жыйын өтүп жатат.

Жыйында депутат Рада Туманбаева Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн экономикалык максатта колдонбоо керек экенин айтты.

Талкуу учурунда журналисттер Туманбаевага "Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн экономикалык максатта колдонбоо керек болсо, "Кумтөр" компаниясында иштеп жаткан жумушчуларды ким жумуш менен камсыз кылат?" деген суроо узатышты.

"Мен бул тармакты жакшы билген адис эмесмин. Бирок келечекте балдарымдын бетин уялбай кароо үчүн Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү сакталып калсын деп добуш берем. Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деген демилгени "Ата Мекен" фракциясы көтөргөн. Бүгүнкү күн менен жашабай, келечекти да ойлоо керек. Учурда миңдеген жаңы технологиялар чыгып жатат. Ошол тармактарда иш тапса болот", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
BekAmir
2019-02-19 14:56:06
Монгулор аз эле калды окшойт
-1
jaazira13
2019-02-20 01:55:24
BekAmir,монгулор 60 жылдардан бери Таласта 40-60% ээрип буткон, адамдын жардамы да кереги жок бул жерде
+1
Belekus
2019-02-26 20:50:12
jaazira13,ал ойго ким конул буруп жатат? бироону кунолоп кулак тартыш керек буларда
0
Belekus
2019-02-26 20:49:31
BekAmir,Ишканалар от жагып эритип жатабы?)))
0
jaazira13
2019-02-20 02:01:20
журналисттер берген суроолорго бир да конкреттуу жооп берген жок, демилге бар, бирок бюджетти кантип толтурат? монуглорду эмне менен сактайт, жумушсуз адистерди каяка орноштурат???? ААА дегенче туура санап, изилдоо откоруп туруп анан ордок кое бериш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан