"Элдик фронт" коомдук бирикмесинин төрагасы Абдымалик Мырзаев кайрадан УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу Мырзаев маалымдап, бүгүн саат 14:00гө чакыруу келгенин билдирди.
"Мени террорчу кылгылары бар көрүнөт. Бул бийликтен эмнени күтсө болот?" - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.
Маалыматты Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы тастыктап, Мырзаев улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш ишине күбө катары чакыртылганын айтты.
Мырзаев 15-февралда дагы УКМКга суракка чакыртылганын айтып: "17-январда өлкөдө мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарына каршы өткөн митинг боюнча мени УКМКга суракка чакырышты. Мен ал митингде болгон эмесмин. Биздин "чекисттер" дагы бир жолу мени террорчу кылууну каалап жатышат", - деген.
Абдымалик Мырзаев буга чейин Улуттук банктын төрагасынын мурунку орун басары кызматында иштеп келген.