Жол кырсыгына кабылган стилист Асел Мамбеткалиеванын абалы 2 күндөн бери өзгөрүүсүз. Анын боору жабыркап, баш, жамбаш сөөктөрү, кабыргалары сынган

Бишкекте жол кырсыгына кабылган стилист Асел Мамбеткалиеванын абалы өзгөрүүсүз. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда SUPER.KG'ге Травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков кабарлады.

"Мамбеткалиеванын абалы өзгөрүүсүз, оор бойдон калууда. Ал ооруканага түшкөндөн бери эч кандай жылыш жок. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тиешелүү медициналык кароодон кийин анын боору айрылып кеткени, баш мээси катуу чайкалып, баш сөөгү сынганы аныкталды. Андан сырткары, жамбаш сөөктөрү, кабыргалары да сынган", - деди Кубатбеков.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Жол кырсыгы 17-февраль күнү болжол менен 8:00 чамасында Бишкектеги Дэн Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда Лексус үлгүсүндөгү жол тандабастын айдоочусу жол боюндагы мамыны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу көз жумуп, жүргүнчү айым оор абалда №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан