17-февралда социалдык тармактарда "Ошто жасалма жумурткалар сатылып жатат" деген видео тарады. Анда керектөөчү тамактанар алдында сууга бышырылган жумурткалар деп аны аарчып, ичи чыныгы жумуртка эмес экенин айткан.
"Мунун сырты кадимки эле жумурткадай, бирок ичин ачканда сарысы резина", - деп керектөөчү көрсөтүп берген. Айтымында, ал жумуртканы Ош шаарынан сатып алган.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Манас Майканов SUPER.KG порталына аталган видео боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.
Бүгүн, 19-февралда аталган инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат таратып, Ош шаарынан бир да жасалма жумуртка табылбаганын билдирди.
Ал эми талкуу жараткан видеонун автору Урматбек Разаковдун айтымында, видео тарагандан кийин сатып алган жумурткалардын бир нече даанасын изилдөө үчүн санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлерине өткөрүп берген.
"Өзүм Ош шаарынын тургуну болом. 16-февраль күнү түшкө жуук базардан 30 даана жумуртка сатып алдым. Түшкү тамакка кууруп жегенбиз. Кууруганда жабышпай майда бөлүктөргө чачырап кеткен. Бирок эч нерседен күмөн санабай эле жеп койгонбуз. Кечки тамакка кошуу үчүн келинчегим 10-12 даанасын сууга бышырган. 4 балам бирден көтөрүп жүргөн экен, аарчып берейин деп жатып жумуртканын ичиндеги сарысы резина экенин көрдүм. Аны алып жерге урсам кайра өзүмө секирип келди. Экиге бөлүп туруп кайра бириктирсем биригип калды. Пластилин сыяктуу ар кандай фигура жасап ойносо дагы болот экен. Балдарым топ кылып кечке чейин ойноп жүрүштү.
Сатып алган 30 жумурткадан 12-14 даана калган болчу. Баарын санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлерине, журналисттерге таратып жибердим. Лабораториядан келгендер "көпкө туруп калгандыктан ушундай болуп жатска керек" дешти. Жумуртка көпкө туруп калган учурда тескерисинче суюк абалга келип, жыттанып кетет. Антип резина болуп калышы мүмкүн эмес.
Негизи видеону интернетке таратып жиберейин деген деле оюм жок болчу. Болгону туугандарыма "абайлагыла, ушундай жумурткалар пайда болуптур" деп эскертип коюу үчүн гана тарткам. Анан эле коомчулукка тарап кетиптир. Ал эми тиешелүү кызматкерлер ошол жумурткалардын кайдан чыкканын аныктап, тиешелүү чара көргөндүн ордуна видеону "фейк" деп атап, мени башкаларга атаандаштык кылуу, бизнесине тоскоол болуу үчүн ушул ишти жасаган болушу мүмкүн деп маек берип жатышат. Бүгүн да милиция кызматкерлери чалып, "видеону интернетке жарыялабай эле, тиешелүү органдарга берсең болбойт беле?" дешти.
Мындай кылган туура эмес да. Мен өзүм жумуртка алып-сатып иштесем бир жөн. Жүк ташуучу унаа айдап иштесем, анан кантип жумуртка саткандарга атаандаштык кылмак элем?" - деди Разаков.