Сот дарыгерлик менен алектенген Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп тапты

Бишкектин Октябрь райондук соту дарыгерлик менен алектенген Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Райондук соттун чечими менен Зайналиевдин медициналык дарылоо жүргүзүшүнө жана уруксаты жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салынды. Соттун чечими күчүнө киргенден кийин анын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулат.

Хашим Зайналиев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жок Бишкектеги Көк-Жар конушуна жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келгендиктен ага кылмыш иши ачылып, бирок кайра токтотулган.

Февраль айынын башында Октябрь райондук прокуратурасы 2018-жылдын 25-декабрында козголгон кылмыш ишти эске алуу менен райондук сотко табыптын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табуу жана лицензияланбаган дары-дармектерди колдонууга тыюу салуу боюнча арыз берген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurkyz1977
2019-02-19 19:43:46
Ал эми врачтардын кайдыгерлигинен канча адам олуп жатат белгисиз. Карга карганын козун чокубайт болуп биринин кылган былыгын бири жашырып отурушат кебелбей.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан