2020-жылы Кыргыз жеринде калкты каттоо жүрөт

2020-жылы Кыргыз жеринде калкты жана турак жай фондун каттоо жүрөт. Калкты каттоого алууда Кыргыз жарандары 19 суроого жооп беришет. Жарандар суроого жооп берүүдөн баш тартпашы керек. Бул тууралуу калкты жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык жыйында айтылды.

Маалым болгондой, суроолор демография, этникалык таандык, ишмердүүлүк, киреше булактары, жашаган жери жөнүндө болот. Мындан сырткары чет жерде иштеген туугандарынан которулган акча каражаттары, миграция маселелери боюнча да суроолор кошулат. Каттоо ишине чет өлкөлүк жарандар да катышат. Алар Кыргыз жерине эмне максатта келгенин айтып бериши керек. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, калкты каттоого 25 миңдей адам катышат.

Буга чейин өлкөнүн демографиялык, экономикалык жана социалдык маалымат чогултуу процесси 2009-жылы өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Duishonbek
2019-02-20 11:27:00
Мамлекет өлкөнү өнүктүрүү максатында ар 10 жылда каттоо өткөрөт.Бирок өлкө өткөндөрдөн жыйынтык чыгарып, так долбоорлор менен дүйнөлүк өнүгүүнүн жолуна түшкөндөй багыт алса гана! Мен эки жолу катышкам дагы катышууга кызыкдармын.
0
Aman97kg
2019-02-20 19:05:30
2009жылы каттоо болсо Емне үчүн 2020-жылы болот 2019-жылы болотго 10 жыл да болот го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан