Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Кароосуз балдарды реабилитациялоо борборун жабууну сунушташты. Мындай чечимди депутаттар кечээ шардык кеңештин социалдык суроолор боюнча көчмө жыйынында кабыл алышкан. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык кеңештин басма сөз катчысы Мээрим Керимканова билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ шаардык кеңештин депутаттары аталган борборго барып, абалы менен таанышып кайтышкан.
"Имараттын абалы өтө начар, ал оңдоо иштерине муктаж. Аталган борбор негизи 70 балага ылайыкталган, бирок бүгүнкү күндө ал жайда 21 бала тарбияланууда. Буга чейин борбордо көбүнчө аймактардан келген балдар баш калкалачу, бирок кийин эмне себептен аймактан келген балдарга шаардык бюджеттен акча бөлүнүүдө деген суроо жаралган. Ошентип ал балдар кайра аймактардагы борборлорго которулган. Учурда шаардык кеңештин депутаттары борбордогу 21 баланы Жал кичи районундагы борборлорго которуу маселесин көтөрүүдө. Себеби аталган имарат мурун бала бакча болуп келген, аны кайра бала бакчага өткөрүп берүү сунушу менен мэрияга кайрылышат. 1 жума аралыгында мэриядан жооп келиши керек. Эгер мэрия макулдугун берсе, имарат 200 балага ылайыкталган бала бакчага берилет", - деди Керимканова.
Бул иштер мектепке чейинки муниципалдык имараттарды рационалдуу колдонуу боюнча шаардык мэриянын протоколдук тапшырмасы менен аткарылууда. Кийинки отурумдарда дене тарбия жана спорт башкармалыгынын имараттары боюнча да маселе көтөрүлөт.