Кыргыз өлкөсүндө 112 насостук станция бар, алардын бардыгы оңдоп-түзөөгө муктаж

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе каралып жатат.

Жыйында депутат Аалы Карашев суу пайдалануудан чогулган каражатка кызыкты.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев Кыргыз мамлекети боюнча 2018-жылы суу пайдалануудан чогулган акча каражаты 60 миллион сом болгонун айтты.

Депутат Карашев мамлекет Суу чарба департаментине 22 эсе көп каражат бөлүп жатканын айтты.

"Кыргыз мамлекети бир жылга 1,5 миллиард каражат бөлүп берип жатат. Мамлекет 1,5 миллиард берсе, тапканыңар 60 миллион сом. Мамлекет бюджеттен 22 эсе көп каражат берип жатпайбы. Айыл чарба тармагына миллиарддаган акчалар келүүдө. 27 жылдан бери алган жыйынтыгыбыз ушул. Келечек кандай болот?" - деп нааразы болду эл өкүлү.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргыз өлкөсүндө 112 насостук станция бар. Алардын бардыгы оңдоп-түзөөгө муктаж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BarsBaatyr
2019-02-20 12:40:56
Демек бул жерде дагы дээрлик миллиард уурдалат экен да. Мына сага...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан