Бийиктиги 40 метр болгон Ак-Сай шаркыратмасын көрүү үчүн кыш мезгилинде барып көрдүңүз беле? Саякатты сүйгөн адамдар үчүн бул мезгилде тоңуп турган шаркыратманы көрүү жакса керек. Ага жетүү жолу бир аз даярдыкты талап кылат.
"Ала-Арча" улуттук табият багында жайгашкан Ак-Сай шаркыратмасы - буга чейинки Кегети шаркыратмасындагы баяндамада айтылгандай, капчыгайдын кире беришинде эмес, эң жогорку жагында. Арчалуу сайдын сол капталындагы кууш жол менен 4 чакырымдай жөө басып, кар баскан, тайгак жолдордон өтүү оңой эмес. Ал үчүн сөзсүз түрдө саякатка ылайыктуу кийинип, чарчаганда ичкенге суу, ачка болгондо жегенге тамак жана күч-кубат берип турчу таттууларды алып алыңыз.
Кыш мезгилинде, суу тоңуп турган убакта баргандыктан шаркыратманын жанына жетүүгө мүмкүн болгон жок, жолдогу кардын калыңдыгынан улам ага өтүүгө мүмкүн эместигин түшүндүк.
Чүй өрөөнүндө жайгашкан шаркыратманы жанынан көрүү үчүн орто эсеп менен эки жарым саат убакыт басасыз. Капчыгайды бойлоп өскөн арчалар, бадалдар, аска-зоолор көз күйдүрөт. Кооз пейзажга суктанып бүтүү мүмкүн, мына ушул сулуулукту сүрөттөрдөн көрсөңүз болот.
Ички туризмдин өнүгүп жатканын ар жума сайын эс алуу күндөрү туристтик компаниялар менен агылып тоого барып жаткан кыргыздардын саны арбын. Көп каражат коротпой, бирок таза абага чыгып эс алып келүү пландарын ишке ашыруу оңой экенин айта кетели.
Алдыда жаз-жай мезгилиндеги Ак-Сай шаркыратмасынан фоторепортажды күтүңүздөр.