Ырчы Гүлзинат Суранчиеванын “Эркелейм” аттуу ыры жарык көрдү. Ырдын сөзү Гүлсайра Момуновага, обону Жамиля Муратовага таандык. “Ырда эки жаштын ортосундагы эркелөө сезимдери тууралуу айтылат. Мисалы, мен сага эркелегим келет же сени дайыма эркелетким келет деген мааниде”,- дейт ырчы. Айтымында, учурда ырга клип тартуу иштери башталып, андагы башкы каармандардын ролун ойной турган 2 түгөйдүн образын жаратуучуларга кастинг жүрүүдө.