Маданият министрлигинин юристи журналистке карата жазган арызын кайтарып алды

Лейла СаралаеваМаданият министрлигинин юристи Кыял Кенжематова журналист Лейла Саралаевага карата жазган арызын 19-февралда кайтарып алды. Бул тууралуу Лейла Саралаева билдирди.

Анын айтымында, 18-февралда Маданият министрлигинде юрист менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жүргөн.

"Министр Азамат Жаманкуловдун иш бөлмөсүндө юрист Кыял Кенжематова менен жолугуштук. Анда "Медиа полис" институтунун директору Бегаим Усенова, Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорунун орун басары Салкын Сарногоева да болду. Ортодогу чырга чекит коюу чечимине келдик. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин да, журналисттердин да кесиптик этикасынын алкагында милдетибизди аткарабыз деп сүйлөштүк. Бул журналисттер менен мамлекеттик чиновниктердин ортосундагы маселелерди конструктивдүү жол менен чечүү мүмкүн экенине далил боло алат", - дейт журналист.

Буга чейин "Новые лица" гезитинин башкы редактору Лейла Саралаева менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин юристи соттошуп жатканы маалымдалган эле. Анда жазылгандай, министрлик редакциядан газетанын жаңы санын алып келип берүүсүн талап кылган. Андан соң Саралаева министрликтин юристи менен байланышып, гезитти алып барып бербесе эмне болорун сураган.

"Сүйлөшүүдө юрист мага сылык жооп берген жок. Мындан улам мен суроомо жооп ала албай калганымды жеке баракчама жарыялагам", - деген Саралаева.

Жеке сүйлөшүүлөрдү коомчулукка жарыялоо менен менин укугумду бузду деген юрист Саралаеваны сотко берип, 57 миң сом төлөп берүүсүн талап кылган. Буга байланыштуу Журналисттердин көз карандысыз уюму министрликтин юристин арызын кайтарып алууга жана журналист менен элдешүүгө чакырган. Уюм Саралаеванын бардык иш-аракеттери мыйзам чегинде болгонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан