Журналист: "Министрликтин юристи интернеттеги билдирүүмдөн кийин эмчектеги сүтү качып кеткенин айтып, айыпка жыгууда"

Журналист Лейла Саралаева менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин юристи соттошуп жатат. Бул тууралуу маалыматты Саралаева тастыктап, сотко чейин алып барган жагдайдын жайын айтып берди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, министрлик "Новые лица" гезитинин башкы редактору Лейла Саралаевадан гезиттин бир номерин алып келип берүүсүн талап кылган. Андан кийин журналист министрликтин юристине байланышып, эгер гезитти алып барбаса эмне болорун сураган.

"Менин гезитим - мамлекеттик маалымат каражаты эмес да. Мындан улам ал талапты аткарбасам эмне болот деген суроо менен юристке кайрылдым. Ал болсо биз милдеттүү экенибизди, мамлекет менчик гезиттерге жардам бермек тургай, биздин ишке кийлигишпей жатканына ыраазы болушубуз керек экенин айтты. Ошондой эле ал мамлекеттин жардамы - бул гезиттердин ички саясатына кийлигишпей жатканы экенин белгилеп, бир катар сөздөрдү айтты.

Мен аны сылык жооп берген жок деп эсептеп жеке баракчама биздин сүйлөшүүбүздү жарыяладым. Андан кийин мурунку министр Айнура Темирбекова мен жазган билдирүүнүн астына кайрылган суроонун жообун толук түшүндүрүп жазыптыр. Анан дароо билдирүүмдү өчүрдүм.

Ал эми юрист биздин сүйлөшүүбүз жеке өзүбүзгө гана тиешелүү экенин айтып, "укугумду бузду" деген айып менен сотко кайрылды", - деген Саралаева журналист менен мамлекеттик кызматкердин жумуш тууралуу сүйлөшүүлөрүн жайылтууга тыюу салына турган жагдай эмес деп эсептейт.

Андан кийин сот экөөнү өз ара сүйлөшүп, элдешип алуусун сунуштаган. Элдешүү тууралуу келишимге кол коёр алдында юрист андан 57 миң сом талап кылып жатканын окуган. Анын 15 миң сому моралдык зыян үчүн болсо, 42 миң сому бул үчүн юристтин көрсөткөн кызматына бериле турганы көрсөтүлгөн. Бирок Саралаева гезит чыгаруу жакшы эмес болуп жаткан мезгилде бул каражат оор экенин белгилейт.

"Министрликтин юристи эмчектеги баласы бар экенин, интернетке пост жарыялангандан кийин сүтү тарап кеткенин айтып моралдык зыянынын акысын төлөп берүүнү талап кылууда", - дейт журналист.

Бул боюнча соттук отурум 6-февралга белгиленген. Бирок ал 20-февралга жылдырылган.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын пикирин угуп, жарыялоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aikaaaa
2019-02-07 21:33:53
Бул жака юристке карата бир нерсе жазайын деп корктум, дагы бир жери бирдемке болуп кетип соттошуп жүрбөйүн деп
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан